Баткен облусунда баңгизат менен 52 жаштагы жаран кармалды

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 500 грамм баңгизат менен 52 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-мартта саат 08:40 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндөгү Балдарга билим берүү борборунун короосунан Кадамжай районунун 52 жаштагы О.Н. аттуу тургуну кармалган. Анын колундагы пакеттин ичинен жалпы салмагы 500 граммды түзгөн гашиш табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан