24-мартта саат 17:19да өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ак-Шыйрак кырка тоолорунда жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү Коңорчок, Чолок-Кайың айылдарында 4 баллга чейин, Ак-Кыя, Жаңы-Талап, Көк-Жар айылдарында 3 баллга чейин, Казарман, Арал айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан улам кыйроолор же жабыркагандар катталган жок.