Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 24-мартта Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында Иордания курамасы Бангладешти кабыл алып, 8:0 эсебинде утту. Муну менен иорданиялыктар тайпада 2-орунду ишенимдүү камсыздап, Кыргыз Республикасынын курамасын 5 упай артта калтырышты.
Жыйынтыгында улуттук курамабыз Азия чемпиондугуна түз чыгуу (эми кайра тандоо туруна катышат) жана Дүйнө чемпиондугуна күрөштү улантуудан четтеп калды. Жобого ылайык, Азия чөлкөмүнөн 8 тайпада 1-орунду ээлеген командалар 2-орунду алган 8 команданын ичинен эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 4 команда Азия чемпиондугуна чыгат. Тайпада 3-орунду ээлеген командалар жана 4-орунду ээлегендер 2017-жылы Азия чемпиондугуна кезектеги жолдомолорду талашышат.
Кошумчалай кетсек, 29-мартта Кыргыз Республикасынын курамасы конокто Тажикстан менен беттешет. Бул оюндун жыйынтыгы 3-орун үчүн жарышта эч нерсе чечпейт.