Екатеринбургда абакта жаткан 33 жаштагы кыргыз жараны күч колдонуудан каза болуп калды

Орусиянын Екатеринбург шаарында абакта жаткан 33 жаштагы кыргыз жараны күч колдонуудан улам каза тапканын өлкөнүн күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен "Ведомости Урал" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, маркумдун сөөгү абактан 10-марттан 11-мартка караган түнү табылган. Бул факт боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголуп, күнөөлүү адам мыйзамдуу түрдө жоопко тартылары, ал эми кызмат адамдарына карата укуктук баа бериле тургандыгы айтылган. Азыркы тапта окуянын чоо-жайын иликтөө иштери жүрүүдө. Анын өлүмүнө камак жайынын башчылары менен байланыштырып турган кызматкерге акча төлөбөй койгондугу себеп болгону божомолдонуп жатканын жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Arslan12
2016-03-25 11:31:36
Окунучтуу!
+4
karona
2016-03-25 11:43:07
Кудай милиция менен больницадан сактай кор элибизди! Эмне болуп камакта жаткан экен маркум жердешибиз? Жаратканым жалпы адам затына ынсап эле берсин, калганы жакшы болоор эле!
+6
Rawka
2016-03-25 12:52:14
Кудайым озун колдой кор, мындай жамандыктан.
+2
secretik
2016-03-25 13:59:57
Жаткан жери жайлуу болсун ким болсо да
+2
daniyar84
2016-03-25 20:53:10
абакта эмес воляда олгондорду суруштургон адам жок россияда жайы жанаттан болсун кылган куноолорун аллах озу кечирген болсун.
+3
KursKG
2016-03-25 23:35:07
Жайы жаннаты болсун боордошубуздун,жакындарына сабыр тилейм, окунучтуу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан