Пенсиядагы чачтарач Десмонд Уилкокс көпчүлүк кыялданган жумушка алынган. Ага жумушта уктагандыгы үчүн 100 евро төлөнөт. Анын жумушу иш убактысында чырым этип алуу эмес, чындап уктоосу шарт. Бул тууралуу "На пенсии" басылмасы кечээ, 24-мартта жазып чыкты.
Десмонд расмий түрдө алгачкы британдык "уйку элчиси" кызматына алынган. Эми ал 3 ай бою керебет, жаздык, жууркан жана башка уйку үчүн керектүү буюмдарды тестирлөөдөн өткөрөт. Мындан тышкары уктоого пайдалуу делген диета, жана башка түрдүү ыкмалардын эффективдүүлүгүн да текшерүүсү керек.
Мындай жумуштагы "уктоо" олуттуу илимий ишмердүүлүк экени айтылууда. "Кыялдагы жумушка" ээ болуу үчүн Десмонд Уилкокс бул орунга ат салышкан 506 адамды артка калтырган. Себеби анын туугандарынын айтымында, ал кандай жер, кандай учур болбосун уктап калууга жөндөмдүү.