Түп районундагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 94 жаштагы үй ээси денесинен күйүк алды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 94 жаштагы үй ээси денесинен күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-мартта Күрмөнтү айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган бастырманын 76 чарчы метр чатыры, 0,5 тонна чөп күйүп кеткен. Өрттөн улам 94 жаштагы Турсунай И. денесинен 5-6 пайыз күйүк алып, аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Өрттүн келип чыгуусуна отко карата этиятсыз мамиле себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан