Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылды

Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-март күнү саат 13:12 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучуларына "батирдин эшиги ачылбай жатат" деген билдирүү түшкөн. 8-кичи райондо жайгашкан батирлердин бирине барган куткаруучулар жабылып калган эшикти ачып, батирдин ээсинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан