Ким Чанг Гю: "Кыргызстан Кытайдын, Борбордук Азиянын, Орусиянын рынокторуна чыга алат"

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков 26-мартта Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гюну кабыл алды. Жолугушууда жеңил өнөр жай, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы жана туризм жаатында кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. ЖКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тараптар эки өлкөнүн парламентчилеринин белгиленген иш сапарларынын маселелерин талкуулашты. Төрага Кыргызстанда болуп жаткан коомдук-саясий процесстерге токтолуп, 2010-жылы көрсөткөн колдоосу үчүн Кореяга ыраазычылык билдирди. Элчи Ким Чанг Гю текстиль өнөр жай тармагы боюнча Кыргызстандын чоң потенциалы жөнүндө пикирин ортого салды. “Кыргызстан ачык экономикалык системге, ири адам ресурстарына ээ, бул тармакка инвестиция тартуу үчүн жагымдуу жагдай түзүп, Кытай, Борбордук Азия аймагы, Орусия Федерациясынын рынокторуна чыга алат”,- дейт элчи. Ал агро өнөр жай комплекси боюнча пилоттук долбоор Кыргызстандын дыйкандарына жаңы технологияларды пайдаланууда көмөктөшөрүн айтты. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан