Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 2 апта мурун ай-күнүнө жетпей төрөлгөн эркек баланын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ымыркай өлүү төрөлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Учурда бул факт боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы толук чыга элек, алдын ала маалыматтарга ылайык, бала өлүү төрөлгөн. Учурда ымыркайын көчөгө таштаган энени издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Эске салсак, 10-март күнү "Тазалыктын" кызматкери таштандыларды жыйнап жүрүп Түштүк магистраль менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен пакетке салынган жансыз ымыркайды таап алган. Окуя болгон жерге барган ыкчам иликтөө тобу ымыркай ай-күнүнө жетпей төрөлгөн эркек бала экенин аныктаган.