45 жаштагы аял ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды

25-мартта Чүй облусунун Будёновка айылынан 45 жаштагы Ш.М. аттуу аял 1 килограмм 85 грамм баңгизат менен кармалганын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Айтылгандай, аталган аял ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Алынган затты текшергенде анын героин экендиги аныкталды. Бул аракет боюнча Ысык-Ата РИИБи кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары улантылып жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан