Бишкекте акыркы суткада 4 жөө жүрүүчү ар түрдүү жаракаттарды алды, алардын бири оор абалда

Бишкекте акыркы суткада 4 жөө жүрүүчү ар түрдүү жаракаттарды алды, алардын бири оор абалда. Жөө жүрүүчүлөрдү сүзгөн айдоочулар окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта “Тез жардам” кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ саат 20:03 чамасында "Жибек-Жолу жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 3 аялды сүзүп кетти" деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери жабырлануучу 3 аялга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага жеткиришкен. Жабырлануучулардын бири эс-учу жок, оор абалда болгон. Ошондой эле саат 05:35те "жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти" деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер 56 жаштагы жабырлануучу бир нече жаракаттарды алганын аныктап, аны ооруканага жеткиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан