Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча иликтөө улантылууда

Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кылмыштын бетин ачууга Чүй ОИИББинин жана Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган кылмыш иликтөө тобу түзүлгөн. Каргашалуу окуя болгон үйдөн канга боёлгон бычак жана манжа издери табылган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышкерди издөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкерлер үйдү тоноо максатында киришкен. Факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан