Бишкекте “унаа жана үйдүн ичиндеги баалуу буюмдарды уурдаган" деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте “унаа жана үйдүн ичиндеги баалуу буюмдарды уурдаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 56 жаштагы К.К. аттуу тургуну кайрылган. Ал таңкы саат 04:00 чамасында белгисиз адамдар үйүнөн 2 уюлдук телефонун, акчасын алып, короодо токтоп турган Ниссан Альмера үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 20 жаштагы К.Э. аттуу тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан