Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасына негизги милдеттерин эскертти

Кыргыз мамлекетинде 2397 жаранга 2 миллиард 163 миллион сом суммасында ипотекалык насыя берилгени жатат. Бул тууралуу 25-мартта президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Банк жетекчиси өлкөдө макроэкономикалык кырдаалдын туруктуулугун камсыздоо иштери, банктык системдин коопсуздугу тууралуу да маалымат берди.

Президент Улуттук банктын негизги милдети сомдун туруктуулугун кармоо, республиканын банктык, төлөм системинин эффективдүүлүгүн камсыздоо эле эмес, ишкерлерди арзан насыялар менен камсыздоого ортомчулук кылып, өлкөнүн экономикалык өсүшүнө көмөктөшүү экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан