Баткен облусунда "студенттерди коркутуп, уюлдук телефондорун алып жүргөн" деген шек менен 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында студенттерди коркутуу жолу менен уюлдук телефондорун тартып алуу фактылары катталган. Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын 20 жаштагы К.М. аттуу тургуну кармалды. Аны кармоо учурунда жанынан уюлдук телефондор табылган. Бул факт боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.