Бишкекте уурулукка шектелген селсаяк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал "Кудайберген" базарындагы контейнерден белгисиз адамдар унаанын тетиктерин уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары туруктуу жашаган жайы жок 46 жаштагы У.К. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.