Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды

Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды, алардын бири өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 18 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 21:35 чамасында Манас жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуу менен колундагы 350 долларлык планшетин жулуп алып качып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.А., Ж.А. жана 17 жаштагы М.Ы. аттуу шаар тургундары кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан