Бишкектик окуучу жүрүп бара жаткан автоунаадан түшүп кетип жабыр тартты
24-октябрда саат 11:30дарда жүрүп бараткан Мерседес үлгүсүндөгү автоунаадан 8 жашар бала түшүп кеткен. Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын 25-октябрда билдиргенине караганда, окуя Бишкек шаарынын Манас жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Автоунааны 1975-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан. Жол кырсыгынан алган жарааттарынан улам жабырлануучу, 2004-жылы туулган 2-класстын окуучусу шаардык 3-ооруканага кайрылган.