Бүгүн, 25-мартта өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн кыштан чыгышына "ийгиликтүү" деген баа берди.
"Быйылкы кышта энергетика тармагынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтер аталган маселени убагында чечип, бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, алдын ала жыйындарды уюштурду. Тургундар газ менен үзгүлтүксүз камсыз болушту. Электр энергиясы бардык жерлерге туруктуу берилди. Токтогул ГЭСинде эки агрегат күйүп кетти, бирок ошого карабай чектөөлөр болгон жок. Электр энергиясын чет өлкөдөн импорттобой, өзүбүздүн электр энергиябыз менен кыштан чыга алдык",- деди Сариев.
Андан соң ал Токтогул ГЭСиндеги авариялардын алдын албаган адамдарга сөгүш жарыяланарын баса белгиледи. "Быйыл аталган ГЭСте чоң оңдоо иштерин баштайбыз. Жыйынтыгында анын кубаттуулугу 20 пайызга көбөйөт",- деп билдирди премьер-министр.