Бишкекте түрк жаранынын өткөн жылы уурдалган унаасын Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери айдап жүрүшкөнү аныкталды

Бишкекте түрк жаранынын 2015-жылы жоголгон унаасын Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын оперативдүү кызматкерлери колдонуп жүрүшкөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, КРнын Акыйкатчысына арыз менен Түркиянын Эрхан Катаналп аттуу жараны кайрылган. Ал 2015-жылы кочкул кызыл түстөгү Мерседес-Бенц Е-240 үлгүсүндөгү унаасын (мамлекеттик номери КGFH 2212) белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул тууралуу тиешелүү мекемеге арыз жазылгандыгын да кошумчалаган. Унаа ушул убакка чейин изделип жаткан. Жабырлануучу 2016-жылдын 12-мартында КРнын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы жайгашкан имараттын жанынан Т4086D мамлекеттик номуру тагылган өзүнүн унаасын таанып калган.

“Бул факт боюнча Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан иш жандандырылып, аталган унаа унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Унаанын кузовдук номери менен Эрхан Катаналптын атына жазылган унаанын техникалык паспортундагы номерин салыштырганда дал келген. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүүдө”,- деп билдиришти Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан.

Ал эми Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришти. Иликтөө иштеринин алкагында кызматкерлердин күнөөсү далилденсе, алар мыйзамдуу түрдө жазага тартыларын баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
SHAHDAR
2016-03-25 17:39:55
Мунун аты - беспредел!
+3
dasta
2016-03-25 18:35:32
Кызматтык абалынан пайдаланып айдап журушконго. Гаишник тоссо коречкасын корсотуп ажаб болуптур еми колу менен кылган куноосун мойну менен тартсын. Орган кызматкерлери ушул ишти жасап жатса калганы кайда барат
+3
Mercedes202
2016-03-25 19:38:45
Иииииий бетимдин пять териси. Ушул бангизатты козомолдогондор бангизат да сатып кармалган билесинерби
+6
abusait
2016-03-26 15:33:02
Балык башынан сасыйт болуптурда. Дагы коррупция менее курошот имиш. Уят эле башка олколорго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан