Бишкек шаарында 100 миң сом пара алып жатып кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 5-апрелге чейин №1-СИЗОго камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG`ге анын жактоочусу Жыргал Бабаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-март күнү аталган УКМКнын коррупцияга каршы бөлүмүнө арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Н.Ш. аттуу статс-катчысы жана У.А. аттуу кызматкери 7 миң долларга бааланган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки унаасын тартып алышканын билдирген. Андан сырткары ошол эле адамдар дагы 550 миң сом акча талап кылып жатышканын кошумчалаган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган кызматтын Н.Ш. жана У.А. аттуу кызматкерлери кармалышкан.