ЖЫЛНААМА, 27-МАРТ: Мындан 2 жыл мурун кикбоксчу Руслан Абасов өз унаасында болгон жардыруудан каза тапкан

Мындан 2 жыл мурун 2014-жылы 27-мартта кикбоксчу Руслан Абасов өз унаасында болгон жардыруудан каза тапкан. Окуя Токмок шаарында саат 18:00 чамасында болуп, спортчу ооруканага жетпей жолдо көз жумган.

Руслан Абасов 1976-жылы 15-ноябрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал Токмок технологиялык институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн.

1994-жылы “Гермес-профи” клубунун машыктыруучусу Александр Воинов менен таанышып, ошол жылы “Гермес-профиге” Малик Борбашевдин чакыруусу менен келген. Бул клуб аркылуу профессионалдык деңгээлге өсүп, эл аралык мелдештерде жыйынтык көрсөтө баштаган. Ал профессионал кикбоксчу чыкчу бийиктиктердин баарын багындырган. Гермес лакап атына ээ болгондон кийин 3 жолу Дүйнө чемпиондугун (1999, 2003, 2005-жылдары), 3 ирет Европа чемпиондугун (1998, 2000, 2005-жылдары) уткан. “Барс” версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана Дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси болгон.

Ал 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпионун уткан. Бул мелдештен кийин эч кандай олуттуу билдирүү жасабай эле рингди таштап, бизнес менен алектене баштаган. 2011-жылы спортчу Ысык-Көл облусунун губернаторунун экология жана спорт иштери боюнча кеңешчиси болгон.

27-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Patriot..kg
2016-03-27 16:13:56
Аябай өкүнүчтүү
+5
Musabaeva..
2016-03-27 18:56:41
Коро албагандар кылганда окунучтуу (
0
bishkek90
2016-03-27 21:19:47
ушу кылмыштын бети ачылган жоко дейм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан