Бүгүн, 26-мартта вице-премьер-министр Камила Талиеванын жетекчилиги менен Бишкекте Сауд Арабиянын маданият күндөрүн өткөрүү маселелерин талкуулаган жыйын болуп өттү. Анда аталган иш-чараны 6-9-майда өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетине аталган иш-чаранын толук планын даярдоо тапшырмасы берилди. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган өлкө менен өз ара кызматташуу боюнча келишимдердин долбоорлорун даярдашмакчы.