Бишкектин Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева 20 күнгө СИЗОго отургузулду

Бишкек шаарынын Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева 17-апрелге чейин СИЗОго отургузулду. Тиешелүү токтомду бүгүн, 26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Айта кетсек, 24-март күнү саат 23:30 чамасында Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан З.Жанабаева ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

2015-жылдын декабрь айында Жол-патрулдук милициясынын бир катар кызмат адамдарына Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмалык” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: 2015-жылдын 8-ноябрь күнү Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен Жол-кайгуул кызматынын Н.К. аттуу кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда мас абалында Ауди А4 үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан Н.К. нөөмөттө турган Жол-патрулдук милициясынын буйруктарына баш ийбей качып кеткен. Кызматтык унаа менен артынан кууп барган кызматкер менен мас абалдагы айдоочу жол кырсыгына учураган. Бул факт боюнча мас абалдагы кызматкерге карата кылмыш иши козголгон.

"Н.К. аттуу жаран 6-ноябрь күнү өз ыктыяры менен жумуштан кетти" деген буйрукка Жол-патрулдук милициясынын башчысы кол койгону белгилүү болгон. Бирок иликтөө иштеринин алкагында Н.К. 6-7-ноябрь күндөрү жумуш ордунда болгону аныкталган. Мекеменин башчысы Н.К. аттуу кызматкери аталган күндөрү өз кызматын өтөгөндүгүн билип туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, туура эмес датаны коюу менен буйрук чыгарган. Бул факт боюнча 17-декабрь күнү Октябрь райондук прокуратурасы Жол-патрулдук милициясынын башчысына жана башка тиешелүү кызматкерге карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмалык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
azamat.95
2016-03-26 20:32:41
Катырып атышат окшойтко...
+12
aksyboy17
2016-03-26 21:22:23
Аа
+1
taro
2016-03-26 22:08:14
Ото сонун жанылык! Кайра кайра окуп кубанычтамын)
+7
AiBoru
2016-03-27 12:19:10
taro, бироону эч качан табалабаш керек. Табалаганды таба жетем деген. Куноолуу болсо, кудай жазалайт жана закон жазалайт. Тобоо дейличи
-1
taro
2016-03-27 17:02:55
AiBoru,туура,элди токтотуп акчасын тоноп арам оокат жегендердин акыры ушул тура
+1
Inna_91
2016-03-26 22:53:07
Жей берип ХХХ ХХХ 20 кун камакта отурса ХХХ
+7
admin_portal
2016-03-28 15:29:55
Inna_91, кемсинтүүдөн алыс болууну сунуштайм!
0
Dimonbek
2016-03-27 02:54:13
Мас неменин таанышы кучтуу го сыягы
+4
SHAHDAR
2016-03-27 04:10:02
жок дальше жумуштан бошотулат бекен???
+1
zoichka
2016-03-27 06:04:47
Тообо.бироонун жеке жашоосуна кызыгып эмне кыласынар дейм да.бек экинчи аял алды деп жазып чыкмак беле супер.
+4
Patio_18
2016-03-27 21:29:37
zoichka,бек экинчи аял алмак тугул уже уулдуу болуп бешик той бергени жатыптыр
0
shamalchanin
2016-03-27 07:13:07
жакшы экен. ушундай темпте иштей бергиле прокуратура кызматкерлери. мындай жасалма документтердин канчасы комускодо жатат. таап оз жазасын бергиле жегичтердин!!
+5
admin_portal
2016-03-28 15:26:31
Arslan12, маанисиз, талкуудан алыс билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
admin_portal
2016-03-28 15:32:17
Pandora, Nazikbaigazy, Akmosha, талкуудан алыс билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү!
rumi04, сунуштарды тиешелүү дарекке жөнөтүңүз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан