27-мартта Пакистандын Лахор шаарындагы жардырууда кем дегенде 70 адам жан берип, 300 адам түрдүү татаалдыктагы жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анда жан кечти эл чогулган жерде жарылуучу затты активдештирген. Жардыруу балдар секциясынын жанында болгондуктан, көз жумгандардын көбү балдар жана аялдар болгон.
Жардыруу боюнча жоопкерчиликти "Талибан" террордук уюмуна караган "Жамаат уль-Ахрар” экстремисттик уюму алды.
Пакистан бийлиги 3 күндүк аза күтүү жарыялады.