Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында өрт кырсыгы катталды. Анда Жаш Гвардия көчөсүндө токтоп турган Фольксваген Т-2 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо техникалык эреженин бузулушу себеп болгон.