Борбордо былтыр коомдук унаадан капчык уурдаганы үчүн изделген жаран башка кылмышы боюнча камакта жатканы аныкталды

Борбор калаада былтыр коомдук унаадан капчык уурдаганы үчүн изделген жаран башка кылмышы боюнча камакта жатканы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 24 жаштагы Т.Ф. аттуу тургуну кайрылган. Ал өткөн жылы август айында Жибек-Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен №185-коомдук унаадан белгисиз адамдар капчыгын жана паспортун уурдап кетишкенин айткан. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан ал кылмыш азыркы кезде тергөө абагында жаткан 33 жаштагы А.А. аттуу жаран тарабынан жасалганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан