Ысык-Ата районунда "унаанын айнегин талкалап, баалуу буюмдарды уурдаган" деп шектелген жаран кармалды

Ысык-Ата районунда "унаанын айнегин талкалап, баалуу буюмдарды уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Новопокровка айылынын 1984-жылы туулган З.Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасынын айнегин талкалап, баалуу уюлдук телефонун жана 10 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 25 жаштагы, мурда сот жобуна тартылган Р.Р. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан