Чүй облусунда "адамды бычактап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен" деген шек менен 65 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-март күнү саат 13:00 чамасында болжол менен 60-65 жаштагы белгисиз адам Токмок шаарынын 35 жаштагы М. Б. аттуу тургунун бычактап, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган оор жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 65 жаштагы С.Ш. аттуу тургуну кармалган. Бул факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, аталган жаран камакка алынды.