Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда мас абалдагы айдоочу эки унааны сүзүп, 2 адам ар түрдүү жаракаттарды алды

Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда мас абалдагы айдоочу эки унааны сүзүп, 2 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-март күнү саат 20:30 чамасында Ниссан Эрнесса үлгүсүндөгү унааны мас абалда башкарып бараткан Сокулук айылынын 1958-жылы туулган М.Э. аттуу тургуну Беловодск айылынан Мерседес-Бенц 200 үлгүсүндөгү унааны сүзүп, изин жашырып кеткен. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу Тойота Витц үлгүсүндөгү унааны да сүзгөн. Натыйжада Тойота Витц унаасынын 1973-жылы туулган С.Ф. жана 1977-жылы туулган К.Г. аттуу жүргүнчүлөрү ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилишкен. Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek040295
2016-03-28 10:52:18
Кызык! комментарий жаза турган темаларга запред койуп а комментарийдин кереги жок темаларды ачып койгонунар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан