Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын көзөмөл-өткөрүү бекетин айланып, мыйзамсыз түрдө Казакстанга өтүүгө аракеттенген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-26-мартта "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинин чек арачылары тарабынан кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген 4 кыргыз жараны кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында кармалган жарандарга өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынганы аныкталган. Алардын айтымында, аларды бир нече адамдан турган топтун мүчөлөрү акча алып, "чек арадан өтүүгө көмөктөшөбүз" деп убадалашкан. Бул факт боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жарандар аймактык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.