Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарындагы инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди. Мындай милдет бүгүн, 28-мартта президенттин кабыл алуусунда болгон шаар башчысы Салайдин Абазовго жүктөлдү.
Жолугушууда Жалал-Абаддын мэри президентке шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшү, курулуп жаткан жолдор жана социалдык мекемелер, таза суу менен камсыздоо тууралуу маалымат берди. Президенттик аппараттын билдиришинче, мэр бюджеттик чечимдердин ачыктыгы ишти алдыга жылдырууга түрткү берип жатканын айтты.