Жайыл районунда тоноо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Кара-Балта шаарынын 65 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 18-февралда саат 18:00 чамасында 35-40 жаштар чамасындагы белгисиз адам аны ур-токмокко алып, жанындагы уюлдук телефонун жана 1000 сомун алып кеткенин билдирген.
Бул факт боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Асылбаш айылынын 37 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.