Борбор калаада жол кырсыгы катталып, анда 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 21 жаштагы кыз каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Бишкек шаарынын Жол-патрулдук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 26-март күнү саат 03:50 чамасында болгон. Анда Тойота Харриер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Токтогул көчөсү менен батыш тарапка кетип баратып Тойота Гайя үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 21 жаштагы Д.Д. аттуу кыз оор жаракаттардан улам окуя болгон жерден каза тапкан. Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.