Бишкекте белгисиз адамдар мас абалдагы жаранды бычактап кетишти

Бишкекте белгисиз адамдар мас абалдагы жаранды бычактап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта “Тез жардам” кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 27-март күнү таңкы саат 4:04тө "Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде 26 жаштагы адамды бычактап кетти" деген маалымат аталган кызматтын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. Окуя болгон жерге “Тез жардам” кызматкерлери барып, 26 жаштагы жаранга тиешелүү алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Жабырлануучунун айтымында, аны белгисиз адамдар бычактап кетишкен. Ал алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан