Чүй облусунда "спирт ичимдигин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам айылдашына бычак сайып жиберген” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 27-мартта Москва районундагы Предтеченск айылынын 48 жаштагы Э.У. аттуу тургуну 50 жаштагы А. Б. аттуу айылдашы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, айылдашына бир нече жолу бычак сайып жиберген. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканага жеткирилген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бул кылмышка шектүү катары Э.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.