Ош шаарында добуш сатып алуу боюнча катталган 9 фактыны текшерүү иштери жүрүүдө

Ош шаарында кечээ, 27-мартта добуш сатып алуу боюнча катталган 9 фактыны текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шайлоо учурунда добуш сатып алуу боюнча жалпы 9 факт катталган. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери улантылууда. Чогулган материалдарга юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жиберилмекчи, азыркы тапта кылмыш иши козголо элек.

Айта кетсек, кечээ, 27-мартта Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо болуп өттү. Шайлоого жалпысынан 13 партия катышып, натыйжада КСДП баштаган 6 партия өткөн. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-3 күндүн ичинде жарыяланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aikokul14
2016-03-28 13:34:58
Бир дагы акча бербеген партия болгон жок,аукцион болуп кеттиго чиркин...
+9
Lintel
2016-03-28 13:45:55
aikokul14, СДПК баш болуп бердиго чиркин.
+3
temirov76
2016-03-28 14:05:14
Бизде шайлоо качан таза отуп журчу эле,элде союз мезгилиндегидей токчулук болуп акчанды эмне кылам албайм деп калса гана шайлоо таза отушу мумкун.
-2
Bereke10
2016-03-28 15:01:19
Союз маалында элдин пейили жана написи ток болчу, азыркыдай 3 кабат там салам, 2-3 квартира алып квартирант коем, 5-10 машина алам, 3-4 мин долларлык пальто,тумак кийиш керек алтын,бриллиант алам, дос-душман козуно деп 2000 адамга той берем, 1000-2000 долларга ырчы-чоорчу чакырам деп эл жулунбай баарына шугур кылып бир бирине атаандашпай жашашат эле. Азыр эми, бала торолоору менен эле акча,акча деп тороло турган болду, Ошог шайлоодо да акча маанилуу ролду ойноп калды. Элдин коону ток эмес
0
bond0202
2016-03-28 15:29:09
берген да,акча алган биз да куноолубуз
0
Akmosha
2016-03-29 04:27:30
Ош эле эмес,Токмокто деле добуш сатып алышты го,оххооооо Эми укмуш иштешти...
0
Akmosha
2016-03-29 04:29:21
500,1000 Ден,СДПК,Кыргызстан.Аябай элди акчага суугарышты..
0
aiza_84
2016-03-29 07:29:53
Ата журтта акча коп экен аябай сдпканы оозуп отту акча бергенден
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан