Талас облусунда чек араны бузган Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, 27-март күнү Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылындагы "Сатыкей" чек ара тозотунун кызматкерлери чек араны бузган Казакстандын жаранын кармашкан. Кармалган жаран көзөмөл-өткөрүү бекетинен эмес, аны айланып мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген. Териштирүү иштеринин алкагында анын жанында өздүгүн тактоочу документтери жок экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.