Баткен облусунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Баткен облусунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 25-март күнү кечинде Бужум айылында орун алган. Анда белгисиз айдоочу жолдон өтүүгө аракеттенген 1961-жылы туулган Оболбек К. аттуу жергиликтүү тургунду сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу ошол жерден көз жумган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү жаран кечээ, 27-мартта кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, маркумдун артында 6 баласы жана жубайы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан