SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Балдарга турмуш куруу үчүн кыздардан 1-орунда эмне керек?" деген тема кызуу талкууланууда. Автор: "Мырзаларга турмуш куруу үчүн кыздардан биринчи орунда эмне керек? Кыздын абийириби, түшүнүгүбү же акылыбы?"- деп суроо салган.
Колдонуучулар түрдүү пикирлерди калтырышууда:
"Кыздардын баары Семетейди издеп жүргөндөй эле, балдар да "Чырайын чайга чылап ичмек белең...", "Сырткы сулуулукка караганда ички сулуулук..." дешкени менен, баары бир Айчүрөккө үйлөнгүсү келишет".
"Кыздык белги, албетте, маанилүү. Ким билет ал кыздыгы жок бийкечтин башкалар менен катнашта болбогонун"...
"Албетте, балдарга нике түнүндө кыздын кыздыгы болушу шарт. Мен да бул нерсеге басым жасайм. Кыздыгы жок кыз алып алсаң, эртең, бүрсүгүнү досторуңдун арасында сөзүң кыска болуп калышы мүмкүн. Үйлөнгөн күндүн эртеси эле айтып чыгат бирөөсү "менден калган кызды алдың" деп".
"Ыймандуу кыз эч качан эн белгисин жоготпой, нике түнүндө жолдошуна арнайт. Демек, ыймандуу болуш керек. Ал үчүн сен да ыймандуу болушуң шарт. "Кол тийбеген кыз алам десең, кол тийбеген эркек бол" деген сөз бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы".
"Үйлөнүш керек деген ой келгенде биринчи кыздын билиминен, акылынан, өң-келбетинен мурун кыздыгы бар кыз алыш керек деп ойлойм. Бул биздин каныбызга сиңип калган нерсе, тилекке каршы, кыз абирийим менен тийиш керек деген ойдогу кыздар азаюуда".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.