Чүй облусунда уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-март күнү Жайыл РИИБине арыз менен Кара-Балта шаарынын 1976-жылы туулган З.Н. аттуу тургуну кайрылган. Ал 13-март күнү кечинде белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, 5 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 26-март күнү кылмышка шектүү катары Ленин айылынын 29 жаштагы Д.О. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.