Бишкекте "10 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган" деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды

Борбор калаада "10 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган" деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен Бишкек шаарынын 30 жаштагы С.Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 19:30 чамасында анын үйүнөн А. аттуу бала 10 жаштагы кызын жуунуучу бөлмөгө алып кирип, ыплас аракеттерди жасап, кызын зордуктаганга аракет жасаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Бишкек шаарынын 15 жаштагы Д.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asyl.jazi
2016-03-28 17:02:26
Бою бокканадан чыга элек жатып, жасаган ишин кара
-3
Uson.karaev
2016-03-28 17:33:31
булбулу туруп сайрап жадатса керекта
-5
azamat.95
2016-03-28 19:20:05
Чондордун тарбиясы да... 60 ка чыккан аксакалдар ошол ишке барып аткандан кийин...
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан