Токтогул районунда 2 килограммдан ашуун баңгизат менен 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-март күнү саат 19:00 чамасында Токтогул районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 28 жаштагы К.Б. аттуу тургунунун үйү тинтүүгө алынган. Тинтүү жүргүзүү учурунда үйдүн бастырмасынын астынан жана кампадан жалпы салмагы 2 килограммды түзгөн марихуана табылган. Бул факт боюнча боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.