Бишкекте бир нече тоноо фактыларына шектелген 2 шаар тургуну кармалды

Бишкек шаарында бир нече тоноо фактыларына шектелген 2 шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 19 жаштагы А.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал саат 22:00 чамасында Жибек-Жолу жана Малышев көчөлөрүнүн кесилишинен 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз эки жигит күч колдонуу менен 5 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 21 жаштагы К.Б. жана 19 жаштагы Ш.Т. аттуу шаар тургундары кармалган. Кармалган жарандардын бул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган, учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан