Бүгүн, 28-мартта Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында Жусуп Иманалиев атындагы мектептин жаңы имаратына капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жер-Үй алтын кенинен түшкөн каражатка республикада жаңы курулуп жаткан 100 мектептин ичине Нарын облусу боюнча быйыл 12 объект кирген. Аталган мектеп дагы ушул каражаттан курулуп жатат. Мектептин жаңы имаратына 62 миллион 448 миң сом бөлүнгөн жана мектеп үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата бүткөрүлөт.
1962-жылы пайдаланууга берилген Ж.Иманалиев атындагы мектептин эскилиги жетип, жаңы имарат салууга муктаждык жаралган. Учурда мектепте 360 окуучу окуп, 34 мугалим эмгектенет.
Иш-чарага ЖКнын депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Жылдыз Мусабекова, Автандил Кулбараков, облус башчы Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев катышты.