Бишкекте 29-мартта "Мага баары бир эмес!" деген темада форум өтөт. Талкуулануучу маселе - жарандар жана парламентаризм, жаңы жагдайдагы бизнес, Кыргыз Республикасындагы эскерүү саясаты. Форумда бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү заманбап шарттагы бизнес тармагынын абалы, өлкө экономикасынын өнүгүшүндө ишкердүүлүктүн ролу жөнүндө өз пикирлери менен бөлүшмөкчү.
Уюштуруучулардын билдиришинче, “Кыргыз мамлекетинин жарандарынын парламенттен болгон күтүүлөрү” изилдөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланат. "Өлкөдө ири саясий окуялар болду, алардын бири - парламенттик шайлоо. Жаңы депутаттык корпус түзүлдү. Изилдөө жыйынтыктары бизге Жогорку Кеңештин депутаттарынын учурдагы чакырылышынын курамы жана алардан болгон күтүүлөрдү аныктоого жардам берет",- деп айтылат маалыматта.