Премьер-министр Темир Сариев 28-мартта Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев менен жолугушту. Кыргыз мамлекети менен Орусиянын стратегиялык кызматташтыгы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында күчөгөнүн билдирген премьер Орусиядагы кыргыз өлкөсүнүн мигранттарынын укуктарын коргоо, эки мамлекеттин аймактар ортосундагы экономикалык мамилелерин күчөтүү жана маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоого басым жасоо керектигин белгиледи.
Болот Отунбаев жүктөлгөн милдетти аткарууга бардык күчүн жумшай турганын айтканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.