Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 28-мартта "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карады. Депутат Кыянбек Сатыбалдиев азыркы учурда диний экстремизм жана эл аралык терроризм Кыргыз Республикасы үчүн масштабдуу коркунуч келтирип жатканын белгилеп, буларга токтолду:
"Диний экстремизм жана эл аралык терроризм менен байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүдө бирдиктүү укуктук негизди түзүүнү камсыздоочу мыйзамдык актыларды өркүндөтүү зарыл".
Депутаттар 14-15 жашар өспүрүмдөрдүн терроризм жана экстремизм кылмышына тартылуусунун алдын алууга багытталган мыйзам долбоорун жактырышты.