Чүй облусунда 5 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартылып алынды

Чүй облусунда 5 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-март күнү Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жайыл районундагы “Сосновка” көзөмөл-өткөрүү бекетинен жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүү маалында 9609 бөтөлкө алкоголдук продукция табылып, анын ичинен
5841 бөтөлкөсүнө сыйымдуулугуна шайкеш келбеген акциздик марка чапталганы аныкталган. Натыйжада унаа атайын токтотмо жайга киргизилип, алынган продукция тиешелүү башкармалыкка жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHAHDAR
2016-03-30 13:50:28
Так маалымат вааще жок. Кайсы фирманыкы, таза бекен, стандарттарга карата жазалыптырбы. Же вааще эле технический спирттен жазалган бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан