Кыргыз мамлекетинин жарандары 2016-жылдын башынан бери мамлекеттен жалпы 910 миллион сом жөлөк пул алышты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин билдиришинче, 510 миллион 500 миң сому балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул катары төлөндү. Бул категорияда жөлөк пул алгандардын саны 2016-жылдын 1-мартына карата 301 400 жаранды түзгөнү, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2 пайызга аз экени айтылды. Жөлөк пул алуучулардын санынын азайышын министрлик жакырчылыктан чыгуу жана жөлөк пулду чыныгы муктаждарга берүү боюнча тизменин такталышы менен байланыштырууда.
Кепилденген минималдык киреше жыл ичинде 705 сомдон 810 сомго көтөрүлгөнү айтылат маалыматта.